• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Тажикстанда авариядан жети  кыргыз көз жумду

1 Тогуздун айы 201815:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Тажикстандын  Жергетал районунда  жол кырсыгы болуп, жети этникалык кыргыз набыт болду.  Аталган кырсык 30-сентябрда болгон. Анда Каза тапкан жарандар картошка казып, тоодон түшүп келе жатышкан. Жолдо машина аварияга кабылган.

Жол кырсыгынын кесепетинен Темирбай Шарапов жана анын үч уулу, Насир Шарапов баласы жана тууганы менен мерт болгон. Ошондой эле Тажикстандын  укук коргоо органдары билдиргендей  дагы 5  жаран жаракат алса, алардын экөө оор абалда.

Арыркы маалыматтарга караганда Тажикстанда 55 миңдей этникалык кыргыз жашайт, алардын басымдуу бөлүгү Лахш жана Мургаб райондорунда отурукташкан.

Количество просмотров: 59