• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстанда белгилүү спортчунун уулу досун 16 жолу бычак сайып өлтүргөн

18 Баш оона 2022 18:22 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда Душанбенин 23 жаштагы тургунунун өлүмүнө белгилүү тажик спортчусу Саидмумин Рахимовдун уулу шектелип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1975-жылы Минск шаарында өткөн самбо боюнча дүйнө биринчилигинде алтын медаль уткан Саидмумин Рахимовдун уулу Саидахмад Рахимов досу жана классташы Мухаммаджовид Зокирзоданы өлтүргөн деп шектелүүдө. Күн мурун мамлекеттик телеканалдар ИИМдин басма сөз кызматы даярдаган видеосюжетти көрсөтүштү. Анда колу кишенделген Рахимов досун кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берип жатканы тартылган.

Маркум Зокирзоданын апасы Матлуба Ганиеванын айтымында, Саидахмад анын уулуна 3 400 доллар карыз болчу.

«5-августта уулум Түркияга учуп кетиши керек болчу. Биз аны менен коштошуп, узатканбыз. Ага чейин уулум досу менен телефондо сүйлөшүп, «Акчаны бере албасаң ошентип эле айт» дегенин угуп калгам. Досу акчаны кайнатаман алып берем деп ээрчитип кетиптир. Көрсө ал карызды бергиси келген эмес экен, уулума 16 жолу бычак сайып өлтүрүп койгон», – деди маркумдун апасы.

Ал уулунун каза болгонуна он күндөн ашса да Рахимовдун туугандарынан эч ким келип кечирим сурап койбогонун кошумчалады.

Шектүү Саидахмад Рахимов Тажикстан ИИМинин академиясын бүтүргөн. Жакындары ал жакшы тарбия алганын айтып, мындай ишке барганына ишене албай тургандыктарын билдиришти.

Количество просмотров: 193