• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тажикстанда курулуш компаниясынын мурдагы башчысы 21 жылга соттолду

14 Бирдин айы 20209:04 Бишкек Govori.TV

Душанбе шаардык соту «Жеткиликтүү турак-жай» курулуш компаниясынын мурдагы башчысы Нурулло Наимовду 21 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары анын беш өнөктөшү сегиз жылдан 16 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушту.

Буга чейин прокурор Наимовду 22 жылга кесүүнү өтүнгөн. Ал үлүшчүлөрдүн акчасын өзүнө алып алган деп айыпталууда.

Өкүмгө ылайык, курулуш компаниясынын мурдагы башчысынын мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат. Үлүшчүлөрдүн акчасын алып берүү милдети сот аткаруучуларга жүктөлдү.

Азырынча соттолуучулардын адвокаттары өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрылар-кайрылбасы белгисиз.

Количество просмотров: 77