• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт

6 Баш оона 2020 19:30 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда президенттик шайлоонун мөөнөтүн 11-октябрга белгиледи. Бул тууралуу тажик басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, Тажик парламентинин кош палатасы бүгүн, 6-августта биргелешкен жыйынга чогулуп, президенттик шайлоонун мөөнөтүн 11-октябрга белгилеген.

Тажикстанда президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Өлкө аймагында 10 жылдан кем эмес жашаган, тажик тилин билген, жогорку билимдүү жана 30 жаштан жогорку кишилер талапкер боло алат.

Белгилей кетсек, Тажикстанды 1994-жылдан бери азыркы президент Эмомали Рахмон башкарып келет.

Количество просмотров: 132