• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тажикстанда шайлоонун жеңүүчүсү Эмомали Рахмон болду

12 Тогуздун айы 202011:40 Бишкек Govori.TV


Тажикстандын азыркы мамлекет башчысы Эмомали Рахмон шайлоочулардын добушунун 90,92 пайызына ээ болуп, президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянып жазды.

Президенттикке Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев, Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон болуп 5 талапкер ат салышкан.

Кошумчалай кетсек, Тажикстанда президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат.

Количество просмотров: 195