• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстанда СМС аркылуу талак берип ажырашуу үчүн жаза киргизүү сунушталууда

30 Жетинин айы 2020 9:18 Бишкек Govori.TV

Тажик парламентинин төмөнкү палатасында СМС-билдирүү аркылуу талак берип ажырашуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору даярдалууда.

Долбоордун болжолдуу версиясында бул мыйзамды бузгандарды үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Азырынча долбоор парламенттин кароосуна чыгарыла элек. Тажикстандын мыйзамдары боюнча СМС менен талак берип ажырашуу мыйзамсыз болуп эсептелет. Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы жарандарды мындай тажрыйбадан баш тартууга чакырып келет.

Демилгечи депутаттардын айтымында, мыйзам долбоору «адамды сөзсүз түрдө эркинен ажыратууну» көздөбөйт. «Негизги максат жаштарды үй-бүлөсү менен балдарынын алдындагы жоопкерчиликти сезүүгө чакыруу, көпчүлүк учурларда мындай ажырашуулардын курмандыгы болуп калып жаткан аялдардын укуктарын коргоо. Акыркы жылдары телефон аркылуу ажырашуу тажрыйбасын сыртта иштеп жүргөн мигранттар көп колдонуп жатышат», — деди депуттардын бири.

Тажикстанда СМС-билдирүү аркылуу талак берүүнүн туура эмес экени жөнүндөгү маселе алгачкы жолу тогуз жыл мурда көтөрүлгөн. Анда өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комитети Уламалар кеңеши телефондо ажырашууга тыюу салуу тууралуу фатва чыгарганын билдирген. Ошондон бери Уламалар кеңеши «СМС-талак» менен ажырашууну «ката» деп атап, жаштарды мындай кадамга барбоого чакырып келет.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда өткөн жылы 12,5 миң түгөй ажырашкан. Бул көрсөткүч эки жыл мурда 10 миңди түзгөн.

Количество просмотров: 128