• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Тажикстанда жүздөгөн адам Орусиядан туугандары жөнөткөн акчаны ала албай убара

4 Бештин айы 2019 9:17 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда жүздөгөн адам Орусиядагы жакындары жөнөткөн акчаларды ала албай жатышат. Бул маалыматты Тажикстандагы ири банктар ырасташты.

Маалыматка караганда, жарандар Western Union, Contact, «Золотая корона» жана MoneyGram системалары аркылуу жөнөтүлгөн акчаларды алууда кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Банк кызматкерлеринин айтымында, учурда «Юнистрим» системасы гана иштеп жатат. Банктардын бири Contact системасы аркылуу которулган акчаларды алууга мүмкүн экенин билдирди.

Тажикстандын Улуттук банкы 3-декабрдан тарта акча которуулар жаңы эрежелер менен иштөөгө макул болгон «Юнистрим» жана Contact системалары аркылуу аткарыларын билдирген.

Буга чейин орусиялык адистер Тажикстандагы жаңы талаптар Орусия мыйзамдарынын бир катар жоболоруна каршы келерин, мындан улам төлөм системалары аларды аткара албай тургандыгын билдиришкен.

Кошумчалай кетсек, учурда Орусияда 1 миллионго жакын тажик жараны иштейт. 2019-жылдын тогуз айында мигранттар Тажикстанга 2 миллиард 490 миллион доллардан ашык акча жөнөтүшкөн.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 172