Тажикстандын түштүгүндө 12 жаштагы кыз селдин курмандыгы болду. 25-майда Фархор районунун тургуну атасына жардам берип, тоодо мал жайып жүргөндө каза тапкан.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин маалыматы боюнча, кыздын сөөгү коңшу Шамсиддин Шохин районундагы Лангари айыл аймагынан табылды. Комитет өз билдирүүсүндө чоңдорду балдарды кароосуз калтырбоого чакырган.
Өткөн дем алыш күндөрү Тажикстандын көптөгөн аймактарында сел жана жер көчкү жүрүп, жолдор, турак жайлар жана көпүрөлөр бузулду. Өлкөдө 200дөн ашуун үй жана башка имараттар жабыркаган же суу астында калган.