• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Теңгиз Бөлтүрүк: «Кумтөр» компаниясына жумушка орношуу ачык болот

3 Кулжа 2021 16:08 Бишкек Govori.TV

“Кумтөр голд” компаниясына тыштан башкаруучу болуп дайындалган Теңгиз Бөлтүрүк «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Анда Кумтөрдөгү жумуш орундары кыскарат деген сөздөр туура эмес экенин билдирди. Ал Кумтөр алтын кенин Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы адистерин даярдоочу жайга айландыруу планы бар экенин, кенинде иштегенди каалаган адамдардан көп кайрылуу түшүп жатканын айтты.

“Мага Кыргызстандын жарандары «Кумтөр»компаниясына жумушка орношуу маселелери боюнча күн сайын жеке жана телефон аркылуу кайрылышат. «Кумтөрдөгү» ачык вакансиялардын бардыгы компаниянын корпоративдик вебсайтында жарыяланып турат. Биз кызматкерлерди конкурстук негизде тандап алабыз. Мындан ары «Кумтөргө» орношуу ачык, адилеттүү жана чынчыл болот”, — деп жазылган Бөлтүрүктүн кайрылуусунда.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизүүнү тапшырган.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Количество просмотров: 585