• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы. Коррупция менен салык кызматкери кармалды.Соңку жаңылыктар 03.04.18

3 Чын куран 2018 15:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.04.2018.Govori.TV

ТЭЦтин жыйынтыгы

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссия бүгүн жыйынтыктоочу жыйынга чогулуп, өз корутундусун жарыялайт. Мындай маалымат комиссиянын 2-апрелдеги отурумунда айтылды. Анда модернизациялоого кеткен чыгымдар талкууланып, тиешелүү жетекчилер Кытай тараптан бөлүнгөн акчанын сарпталышы тууралуу маалымат беришти.ыйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген эмес.

Кумашов коррупция менен  кармалды

Кыргызстанда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан Govori.TVга кабарлашты.УКМК «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларына кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов коррупцияга шектелип кармалгандыгын тастыктады.ске салсак, 800 миллион сом кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон.Депутат Рыскелди Момбеков Президент бул сумманы 5 миллиард сомго чейин жеткирерин айткандыгын билдирген.

УКМК маршруттарды текшерет

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги маршрутка айдоочуларынын иш таштаган жагдайын текшере баштаганын аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.Белгилей кетсек, 2-апрелде шаардагы маршрутка айдоочулар жол кирени жогорулатып, милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу талабын коюп ишке чыккан эмес. Анын айынан эл бара турчу жерине жете албай, шаарда коллапс жаралган.

Количество просмотров: 12