• Дүйшөмбү 25 Үчтүн айы 2021

Театрлаштырылган көрсөтмө үчүн Жапаровго эскертүү берүү сунушталды

4 января 2021 в 9:12 Бишкек Govori.TV

 Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт иштерин көзөмөлдөгөн жумушчу топ президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровдун Каракол шаарындагы эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмө боюнча талапкерге расмий эскертүү берүүнү сунуштады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, БШКнын жыйында жумушчу топ талапкерге эскертүү берүүнү сунуштаган. Аны жыйынга катышкан жумушчу топтун 10 мүчөсүнүн алтоо колдогон.

Мындан сырткары, талапкердин шайлоо штабына акчалай айып пул салуу сунушу айтылып, бирок колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 324