• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Текебаев күздө өтчү шайлоого катыша алабы? Юристтин түшүндүрмөсү

3 Баш оона 2020 15:26 Бишкек Govori.TV

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов парламенттик шайлоого катышканга толук укугу бар. Бул тууралуу Govori.TVга юрист Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, аталган эки саясатчы тең соттолгон деп эсептелбейт.

«Аларга тагылган “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши соттун чечими менен кайра кароого жөнөтүлгөн. Демек, Фемида өкүлдөрүнүн күнөөлүү жана соттолуучу деп тапкан мурдагы чечимдеринин бардыгы жокко чыгарылган. Ооба, сот жүрүп жатат. Бирок Текебаев менен Чотонов соттолгон адамдар деп эсептелбейт. Мыйзамда аталган саясатчылардын 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу сала тургандай норма жок», — деди Токтакунова.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 678