• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Текебаев: Мандат маселесин ойлоно элекмин

13 Чын куран 2021 17:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов соттун чечими менен толук акталды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарды.

Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, депутаттык мандатын кайтарып алуу боюнча партиялаштары менен акылдаша турганын билдирди.

«Саясий реабилитация ал башка маселе. Ал жерде материалдык маселелер каралган эмес. Аны биз кеңешип чечим кабыл алабыз. Өзүңөр уккандай, ал үчүн да өзүнчө сотко кайрылыш керек экен. Мандан маселеси боюнча ойлоно элекмин»,-деди саясатчы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов соттун чечими менен толук акталды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарды.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы “Мегаком” иши” боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого райондук сотко жиберген.

Количество просмотров: 131