• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Текебаев шайлоого катышпайт

17 Баш оона 2020 18:15 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Текебаев шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал өзү партиянын курултайында сүйлөп жатып билдирди.

“Ата Мекен” партиясын түптɵгɵн лидерлери, мен – Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов ж.б. Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышпайбыз. Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ушулар тартсын», — дейт ал.

«Ата Мекен» партиясынын жыйыны Бишкекте Маданият министрлигинин имаратынын алдындагы аянтчада өттү.

«Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, ишкер Тилек Токтагазиев баштаган саясатчылар шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу астында баратышат. Бул топко кошулган «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев кийин кайра чыгып кеткен.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.

Количество просмотров: 426