• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Текебаев Сыймык Жапыкеевдин ашканасын «тарыхый кухня» деп атады

9 Жетинин айы 2020 9:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин ашканасында конокто болду. Текебаев Жапыкеевдин үйүнөн тарткан видеосун “Фейсбукка” Динар Турдугулова жарыялады.

Текебаев бөлмөнү “Октябрь революциясынын негизги штабдарынын бири экенин айтып, саясатчы бул жерди “ тарыхый кухня” деп атады.

“ Ушул кухнядан башталган иш тарыхый мааниге ээ десе эч ким ишенбейт эле. Бийликтин пропогандисттери Сыймык “элитный” батирде жашап жатат деп айтышкан.  Мен өз көзү менен көрүп жатам, кадимки эле батир экен”, – деди Текебаев.

Количество просмотров: 851