• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев: Жээнбеков тууралуу жакшы сөз сүйлөп, сынга калдым

2 Аяк оона 2019 13:29 Бишкек Govori.TV

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусундагы өзү туулган Акман айылына барды. Ал айылдаштары жана апасы менен жолукту.

Анда ал тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп жатып, Жээнбеков тууралуу айтканы сөзү тууралуу айтып берди.

Эске салсак, үй камагына чыгарылган Өмүрбек Текебаев буга чейин Сооронбай Жээнбеков тууралуу өз пикирин айтып, Жээнбеков жакшы аткара алды деген иштер тууралуу айткан эле.

” Үч жыл мурун Атамбаев мени камайт деп конкреттүү элестеткен эмесмин. Бирок туюмумду гана айткам. Орундар алмашты. Мына азыр коомго сабак боло турган чоң окуялар болду. Тарых алмашаарда, эски стереотиптер сынаарда ушундай окуялар болот. Сооронбай Жээнбеков ушул кырдаалга өмүр бою даярданды беле? Көп оппоненттер ошонун ичинде мен дагы ” биз мындай саясатчыны билбептирбиз, кокусунан чыга калды” деп айткан элек. Карапайым адамдар, саясий аналитиктер сезе биле бербеген тарыхый өнүгүүлөр болот. Башка бирөө эмес, мен эмес, Адахан эмес, Темке эмес,Боке эмес. Ушул иштин барын Сооронбай Шарипович жасап атат. Бул тарыхый чындык. Муну эч ким тана да албайт.” – деген Текебаев. 

Количество просмотров: 3173