• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Теледебат: «Коомдук канал бийликтин адвокаты болуп турасыңар». Талапкерлер КТРКга эмнеге нааразы?

6 Үчтүн айы 2021 22:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-январда Коомдук биринчи каналда  (КТРК) президенттикке талапкерлердин дебаты өтүп жатат. Ага Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров жана Аймен Касенов катышууда.

Теледебат учурунда талапкер Канат Исаев «эмнеге парламенттик башкаруу системасы өзүн актай алган жок?» деген суроого жооп берип жатып, коомдук канал бийлик даярдап берген суроолорду берип жатышканын айтып нааразы болду.

«Баягы эле адаттан калбай, коомдук канал бийликтин адвокаты болуп турасыңар. Биздин өлкөдө 2010-жылдан кийин бардык маселелерди президент гана чечти. Премьер министр өзү билип эч кандай кызматтык дайындоого укугу болгон жок. Тилекке каршы биздин өлкөнүн коомдук каналы бийлик даярдап берген суроолорду берип жатасыңар»,-деди Исаев.

Бул арада талапкер Адахан Мадумаров «шайлоодон кийин тарапташтарыңызды алып чыкпайсызбы?» деген суроого жооп берүүдөн мурда алып баруучунун өзүнө кайра суроо узатты.

«Силерге ушундай суроолорду бергиле деп ким айтып жатат?»,-деди Мадумаров.

Ал эми алып баруучу аталган суроолорду өзү узатып жатканын айтты.

Дагы бир талапкер Садыр Жапаров теледебаттардын экинчи айлампасына да катышпай турганын билдирген.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 171