• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Телефондорду милдеттүү каттоонун мөөнөтү узарды

29 Теке 202412:36 Бишкек Govori.TV

Уюлдук телефондорду ыктыярдуу каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 29-июлда маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, буга чейинки милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттерине эч кандай чектөө болбойт.

“Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт”, — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин 25-июндан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталган.

Количество просмотров: 133