Telegram мессенджери биринчи жолу Орусияда 12 жаштан жогорку аудиторияга ай сайын кирүүсү боюнча YouTube видеохостингинен ашып, интернет-ресурстардын жалпы рейтингинде бешинчи орунду ээледи. Муну Mediascope маалыматы тастыктайт.
Жарыяланган маалыматка караганда, 2025-жылдын январында Telegramды кеминде 90,6 миллион адам колдонгон. Белгиленгендей, бир жыл мурун бул көрсөткүч 83,7 миллион колдонуучу болгон.
Россиядагы интернет-ресурстардын ичинен алдыңкы үчтүк акыркы айларда өзгөргөн жок. Биринчи орунда Яндекс айына 102,3 миллион адам, экинчиде Google (101 миллион), үчүнчүдө WhatsApp (97,5 миллион) турат. Төртүнчү орунда азыр ВКонтакте социалдык тармагы, былтыр декабрда YouTube’ду басып өткөн.
Өз кезегинде, YouTube’дун жеткиликтүүлүгү азайды. 2024-жылдын январында видеохостингди 95,5 миллион, бир жылдан кийин 86,9 миллион адам колдонгон. Эксперттер колдонуучулардын санынын азайышын Орусияда хостингдин басаңдашы менен байланыштырышат.