Бишкек.06.04.2018.Govori.TV
Бул тууралуу «Ак Шумкар» саясий партиясынын лидери Темир Сариев «Ата бейит» мемориалдык комплексинде өтүп жаткан «7-апрель Элдик революциясынын» курмандыктарын эскерүү иш-чарасында айтты.
«Биз 2010-жылы бирөөнү бийлике алып келели деп чыккан эмеспиз. Кыргыз элин үй-бүлөлүк-авторитардык бийликтен куткаруу идеясы үчүн көтөрүлүп чыкканбыз. 8 жылдын ичинде көп окуя болду. Революцияга чоң салым кошкон Өмүрбек Текебаев жалган жалаа менен камакта отурат. «Революцияны генийлер ойлоп табат, фанаттар ишке ашырат, бирок анын үзүрүн кутумдар көрүшөт»-деген сөз бекер айтылбаптыр,-деди Темир Сариев.