Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган цистерна менен «Хово» жүк ташуучу унаа сүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Индустриальная көчөсүндө күйүүчү май ташыган 20 даана вагон-цистерналар ички темир жол аркылуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын аймагына бара жаткан учурда “ХОВО” үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1 даана вагон-цистерна жолдон чыгып кеткен. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын багынан күйүүчү май аккандыгына байланыштуу жана өрт коопсуздугун сактоо максатында жерине Жалал-Абад шаардык №20 Өрт Куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза болгондор жок.