• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Темиров ички иштер органдарынын кызматкерлерине каршы арыз жазды

4 Бирдин айы 2022 13:07 Бишкек Govori.TV

Журналист Болот Темиров Башкы прокуратура анын ички иштер органдарынын кызматкерлерине каршы жазган арызын Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөткөнүн билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына башкы көзөмөлдөөчү органдан келген катты жарыялады.

Өткөн айда Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

Ташиев менен анын жакындары бул маалыматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Количество просмотров: 135