• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин аткаруу ИИМ менен Чек ара кызматына жүктөлдү

23 Жетинин айы 2022 18:07 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин аткаруу Ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматына жүктөлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Сот чечиминин түшүндүрмөсүндө Болот Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине таянып, эл аралык жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өлкөдөн чыгарылары айтылат.

Бишкек шаардык сотунда 23-ноябрда Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты. Аны дароо сот залынан кармап, алып кетишти. Учурда журналисттин кайда экени белгисиз.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 248