• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сокулукта өспүрүмгө бутун өптүрүп, бычак сайган 19 жаштагы жигит кармалды

26 Теке 202411:40 Бишкек Govori.TV

Соцтармакта өспүрүмдү кордоп, бычак сайып, бутун өптүргөн акылга сыйбаган видео тарады. Өспүрүм видеону тартып жаткан адамга «Ислам братан» деп кайрылып, кечирим сураган. Бирок ал «принц» деп кайрылууну талап кылган. Ошондой эле мыкаачы жигит өспүрүмдү алакандарын, санын кандай бычак менен сайганын камерага көрсөткөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттары акылга сыйбаган окуя Сокулукта болгонун, жарадар болуп канжалаган өспүрүмдү жолдо өтүп бараткан адамдар үйүнө жеткиргенин, жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин жазышты.

Чүй ОИИБ бул окуя боюнча маалымат берип, 24-июлда саат 20:00 чамасында Калинин көчөсүндө болгонун, 15 жаштагы баланын энеси милицияга арыз менен кайрылып, «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголуп, 19 жаштагы шектүү 26-июлда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, өзүн принц атаган мыкаачы Ч.И. экенин билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 665