• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Темировдун иши: Прокуратура соттун чечимине каршы арыз берди

27 Тогуздун айы 2022 15:20 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүнө каршы айыптоочу тарап даттанышкан. Бул тууралуу журналист өзү билдирди.

Маалым болгондой, прокуратура Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдоп, биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарууну суранууда.

Эске салсак, 28-сентябрда Свердлов райондук соту журналист Болот Темировдун иши боюнча өкүмүн чыгарып, аны жарым жартылай актаган.

Соттун чечиминде айтылгандай, Темировду Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси («Баңгизаттарды сактоо») боюнча күнөөсүз деп табылган. Ошондой эле, 378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча акталды.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо») боюнча күнөлүү деп табылды. Мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза каралбайт.

Белгилей кетсек, айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «мыйзамсыз маңзат сактаган» деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылган. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин 21-сентябрдагы отурумда билдирген.

Количество просмотров: 134