• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Террористтик уюмдарды каржылап жана жасалма документтерди берип жүргөн шектүү кармалды

11 Жетинин айы 2022 15:20 Бишкек Govori.TV

Эл аралык террористтик уюмдарды каржылоо жана жасалма документтерди берүү менен алектенген делип бир жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында тыюу салынган “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун жана “Жихад тобунун” (“Ислам жихады биримдиги”) мүчөлөрүнө акча каражаттарын которуу фактылары, ошондой эле 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган.

Мындан тышкары, террористтик уюмдардын согушкерлерине жасалма паспортторду даярдоо үчүн Кыргызстандын жарандарынын жалпы паспорттору (уурдалган/жоголгон же күрөө менен калтырылган) Түркияга жиберилип турган.

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында террористтик топтун активдүү мүчөсү Б.Э.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 179