• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жасалма документ менен Сириядан келген ЭТУ мүчөсү кармалды

20 Баш оона 2021 16:33 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республиканын аймагына террористтик жана экстремисттик уюмдардын келишине жол бербөө максатында улантылып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар делген 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «А.Ж.» кармалды.

Такталгандай, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткени, анда ал «Хаят Тахрир аш-Шам» эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. Кармалган «А.Ж.» чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргыз Республикасына кирип, террористтик аракеттерди жайылтуу үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн ЭТУнун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды..

Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 726