• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Терс пикирлер көп». ЖМК мыйзамы ЖК комитетинин күн тартибинен алынды

19 Бирдин айы 2024 16:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда каралмак, бирок маселе Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен Юстиция министринин жыйынга келбегенине байланыштуу күн тартибинен алынды.

Жыйында депутат Камила Талиева бул мыйзам долбоорун кароодо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун катышуусу зарыл деген пикирин айтты. Анын сунушу добушка коюлуп, көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.

«Биз министр өзү келсин дедик эле, эми ал расмий иш-чарада деп жатышат. Бирок, менин оюмча ал качып жатат, чынын айтканда. Бул өтө жүйөлүү, маанилүү, оор, коомчулук абдан терс пикирде да, министр өзү келиши керек», — деди депутат Талиева.

Белгилей кетсек, президенттик аппарат иштеп чыккан мыйзам долбоору январь айынын башында Жогорку Кеңешке келип түшкөн.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 60