• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ТЭЦтеги аварияда иштен кеткен Нурлан Өмүркул уулу эмнеге кайра жетекчи болду? Министрликтин жообу

16 Үчтүн айы 202316:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-январда энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов маалымат жыйын учурунда «ТЭЦтеги аварияда иштен кеткен Нурлан Өмүркул уулу эмнеге кайра жетекчи болду?» дегн суроого жооп берди.

«Ал тажрыйбалуу энергетик, жаштайынан эле ЖЭБте иштеп келген. Ошондуктан бул жылкы жылытуу мезгилин жакшы өткөрүү үчүн аны кызматка алуу чечими кабыл алынган.Бул адам бизге керек болчу.  Кызматка алардан мурун изилдөө иштерин жүргүздүк, укук коргоо органдарынан маалымат алдык. Нурлан Өмүркул уулунун соттуулугу жоюлган», — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчиси болуп 13-январда дайындалган.

Ал 2018-жылы Бишкек ЖЭБин жетектеп турганда борбордо авария болгон. Анын кесепетинен борбор шаар бир апта бою кыш чилдесинде жылуулуксуз отурган. Бул кырсыкка байланыштуу Өмүркул уулу бир жумадан кийин иштен алынган. Борборду модернизациялоого бөлүнгөн 386 млн доллардын сарпталышында коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги айтылып, ага байланыштуу бир топ жетекчилер жоопкерчиликке тартылган.

Количество просмотров: 446