• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тез жардам кызматына кошумча 20 бригада бөлүндү

29 Кулжа 2020 17:34 Бишкек Govori.TV

Тез жардам кызматына бүгүн кошумча 20 бригада тартылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавируска күмөнү болгон жарандар тез жардам кызматын же 118 номерине чалып, күтүүнүн кереги жок. Ал кызматтарда жумуш өтө көп болгондуктан убагында келип же жооп бербеши мүмкүн.

“Жарандар жакынкы үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуусу керек. Аталган борборлордо ыкчам байланыш номерлер уюшулган. Эгер ооруканага жаткыруу боюнча оорунун белгилери бар болсо, биз аны ооруканага жаткырабыз”, — дейт ал.

Ошондой эле Абдикаримов жарандарды өзүн-өзү дарылоо менен алектенбестен, кесипкөй дарыгерге кайрылууга чакырды. “Учурда тез жардам кызматы жетишпей жатат. Бирок биз жарандардын өмүрүн сактап калуу чараларын көрүп жатабыз. Азыр биз Медициналык академиясынан 190 бригаданы жумушка тарттык. Ординаторлорду окутуудан өткөрдүк”, — деди министр.

Количество просмотров: 57