• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тиешелүү комитет Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин колдоду

10 Бештин айы 2018 16:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.12.2018.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети финансы министринин кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды.

Бул тууралуу парламент депутаты Таабалды Тиллаев билдирди. Маалымат боюнча тиешелүү комитеттин жыйынына ондон ашык депутат катышып, Жээнбаеванын талапкерлигин бир добуштан колдогон.

58 жаштагы Бактыгүл Жээнбаева учурда президенттин кеңешчиси болуп иштейт. Ага чейин Улуттук банк, “Айыл Банк”, Мамлекеттик ипотека компаниясы өңдүү каржы мекемелерин жетектеген.

6-декабрда финансы министри Адылбек Касымалиев өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келаткан. 

Количество просмотров: 17