• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тик учактын кыйрашы. Зулушев иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди

31 Үчтүн айы 2024 13:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкектин четиндеги «Фрунзе-1» авиабазасында тик учактын кыйрашын иликтөөнүн жүрүшү тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Анын айтымында, бул факты боюнча Аскердик прокуратура тарабынан учуу эрежесин бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп, бардык экспертизалар дайындалды.

«Коргоо министрлигинде Түндүк аскер округунун командачысы Кылычбек Айдаралиев ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Иш иликтенип жатат, жыйынтыгында юридикалык баа берилет», — деди ал.

Эске салсак, Бишкектин четинде кулаган тик учак кырсыгынан учкуч Жайыл Самудиновдун каза болгон. 10 жоокер ар кандай жаракаттарды алып, 4-шаардык ооруканага жана Улуттук госпиталга жаткырылган.

Количество просмотров: 150