Ош облустук соту Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасы бүгун каралып, өзгөртүлгөн.
Белгилей кетсек, Ош шаардык соту 9-октябрда Тилек Матраимовго карата баш коргоо чарасы карап, ал 1 айга камакка алынган.
Эске салсак, Тилек Матраимов мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн өзбек чек арачылары тарабынан колго түшүрүлгөн.