Күн мурун Мальтанын Сент-Жорж булуңунда 48 жаштагы кыргызстандык аял деңизде эс алып жаткан учурда, толкун уруп кетип каза болгон. Ал эми 23 жаштагы кыз ооруканага жаткырылган.
Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да расмий ырастады.
“Азыркы учурда элчилик каза болгон жарандын сөөгүн Кыргызстанга кайтаруу, консулдук колдоо көрсөтүү жана бардык процедураларды коштоп иш алып барууда, ошондой эле жакындары менен туруктуу байланышта”,-деп айтылат маалыматта.