• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

ТИМ Түркиянын элчисин Кыргызстандагы улуттук мыйзамдарды сыйлоого чакырды

6 Кулжа 201917:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 6-июнда Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдар эл менен жүргүзүп жаткан иштердин жүрүшүндө элчи Женгиз Камил Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына министрликтин нотасы тапшырылды. Министрлик Түркия Республикасынын элчисин өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргызстандагы улуттук мыйзамдарды сыйлоого чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат кечээ Сокулук районунун Орок айылына барган. Элчи жергиликтүү эл менен сүйлөшүү аракетин көргөн болчу.

Кийинчерээк ал жаңжал чыккан жерге эмне үчүн барганын түшүндүргөн. «Элчиликтин кызматкери Орок айылына конокко барыптыр. Ал мага телефон чалып, жардам берүүнү суранган. Ал ыйлаган», — деген элчи.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери терезеси талкаланган үйлөрдүн биринде болгон. Элчи ошондой эле кызматкер кош бойлуу экенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 15