• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өткөрүү пункту ачылгандан бери кыргыз-тажик чек арасынан дээрлик 5 миң адам өткөн

17 Жалган куран 202516:21 Бишкек Govori.TV

13-марттан 17-мартка чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан 4 миң 891 адам өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Кайрагач» постунан 3 миң 755 адам, Кызыл-Бел аркылуу 659 адам өтүп, дагы 477 адам Кыргызстандан Тажикстанга жана кайра учак менен учуп келген.

Чек ара кызматы Лейлек районунун аймагында жайгашкан “Кайрагач” эки тараптуу – Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандары үчүн, ал эми Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көп тараптуу болуп, үчүнчү өлкөнүн жарандары да өтө ала турганын тактады.

13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки тараптуу документтерге кол коюлгандан кийин “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” өткөрмө бекеттеринин иши жанданды.

Жалпысынан Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосунда беш көзөмөл өткөрүү пункту бар: “Кулунду”, “Кызыл-Бел”, “Кайрагач”, “Карамык” жана “Бор-Дөбө”. Өлкөлөр ортосундагы чек ара куралдуу кагылышуудан кийин 2021-жылдын жазынан бери жабык.

Количество просмотров: 150