• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өткүрбек Жамшитов: «ЖЭБ боюнча парламент күнөөлүү эмес»

14 Бирдин айы 2019 13:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV

Сапар Исаков 386 миллион долларды өзүнүн жана TBEA компаниясынын  кызыкчылыгын көздөп парламентти ишендирип, келишимдерди ратификация кылган. Мындай маалыматты бүгүнкү 14-февралда болуп жаткан парламенттик жыйында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган. Ал чечим күчүндө турат, насыянын келиши мыйзамдуу. Укуктук күчү бар. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин жокко чыгарылган жок. Бул нерсе депутаттык комиссиянын чечиминде да айтылган. Бул жерде парламент тарабынан эч кандай мыйзам бузуучулук болгон эмес»-деп кошумчалады Жамшитов.

Анын айтымында, ЖЭБди модернизациялоодо 22миң долларлык трубиналарды 25 миң доллардан, 6 миллион долларлык эки генераторду 8,4 миллион доллардан кылып жазылып, жыйынтыгында мамлекет 111 миллион доллар өлчөмүндөгү же 5 миллиард сомдон ашык суммадагы чыгымга учураган.

Биз ал кезде чиновниктерге ишенип, ЖЭБ боюнча келишимди колдогонбуз, өз кызыкчылыктарга жол берилип кетээрин кайдан билдик деп кошумчалады төрага Дастан Жумабеков.

Количество просмотров: 31