• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Тогуз-Тородо 45 жаштагы жаранды кар көчкү басып каза болду

20 Бирдин айы 202311:04 Бишкек Govori.TV

Тогуз-Тородо 45 жаштагы жаран көчкүнүн алдында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну 1978-жылы туулган М.Ж. аттуу эркек киши Ала-Жыгач тилкесинде жылкы кароо үчүн тоого чыгып, саат 15:00 чамасында кар көчкү түшүп, көчкүнүн алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле жанындагы кошо чыккан 2 адам аман-эсен калышкан.

Жерине 11 куткаруучу, Атай айылынан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Саат 18:00дө жогоруда аталган жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Количество просмотров: 48