• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тогуз-Тородо жаңы бала бакчанын ачылышы болду

26 Тогуздун айы 2018 14:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.

Жалал-Абад  облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Бирдик айылында 50 орунду бала бакча ачылды. Бул тууралуу райондун акими Айбек Кожошов Govori.TV. маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, Аталган жакшы саамалыкка  жергиликтүү тургундар,  мектеп окуучулары жана колдоо көрсөткөн уюмдардын мүчөлөрү катышкан.

«Бизде дагы бир бала-бакча толук кандуу бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Буга  эл аралык уюмдардан 14 млн, 368 миң, 700 сом каралган. Ал эми ички эмеректерин алууга 2 млн, 225 миң сом каржылашса, жергиликтүү бюджеттен 275 миң сом бөлүндү.  Биз долбоорлор аркылуу өлкөнүн социалдык абалын жакшыртууга салым кошкон эл аралык уюмдарга ыраазчычык билдиребиз. Мындан кийин дагы элетте жакшы жыйынтыктар болооруна ишенип турабыз», -деди Кожошов.

Ошондой эле, Кош-булак айылында жайгашкан Ыдырыс Кадыркулов атындагы орто мектебинде 50 орунду ашкана ачылып, окуучуларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн.  Ага эл аралык уюмдардын жалпы 2 млн, 577 миң, 600 сом бөлүнсө, аймактык бюджеттен 358 миң сом жардам катары жумшалган.

Количество просмотров: 45