• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тогуз-Тородогу чабандар жана 2200 баш кой куткарылды

23 Тогуздун айы 2018 10:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Сары-Кыр” ашуусунан аша албай калган чабандарга жардам берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 18-октябрда Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 8 чабан 2200 баш кой менен ашуудан аша албай калгандыктарын билдиришкен.

Чабандарды мал жандыктары менен ашуудан тушүрүүгө атайын куткаруучулар жана техника тартылган. Кечээ куткаруучулар чабандарды мал жандыктары менен ашуудан өтүшүп, Сузак районуна караштуу Үрүм-Баш тилкесине аман эсен жеткирилген.

Количество просмотров: 26