• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Тойдон 19 киши ууланды

10 Кулжа 201917:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

Ысык-Көлдө Ак-Суу аймактык ооруканасына тамак-ашка ууланган 19 киши кайрылды, алардын төртөө — балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 10-июнда катталган, кайрылган бейтаптар кыз узатуу тоюна барышканы белгилүү болгон.

«Кайрылгандардын бирөө кайта жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, 11 киши Ак-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө. Жети киши амбулатордук дарыланууга чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кайрылгандардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө жана керектүү дары-дармек менен камсыздалган.

Бул окуянын негизинде текшерүү жүрүп жатканы жана анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилээри кошумчаланды.


Количество просмотров: 13