• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Тойканалар 15 күнгө жабылышы мүмкүн

5 Жетинин айы 2020 9:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тойканаларды жабууну караштырып жатат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

“Коронавирус кооптуу болуп жатат. Жалдырасак да, сурансак да болбой жатасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган адам экенсиңер. Тойкана ээлери бул сөз силерге! Элдин ден соолугу менен ойноп жатасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлонуп жатабыз. Болдугула да эми.
Сураныч. Өтүнүч. Эл бизге талап коюп жатат”, — деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 85