• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте санитардык талаптарды бузган тойканаларга айып салынды

11 Баш оона 202018:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы
талаптарды бузган кафе, тойканаларды аныктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакында Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Нур-Суфра» тойканасынын администрациясы «куран окутуу» иш-чарасын өткөрүп жаткан. Ал жакта санитардык нормалар сакталбай, эл көп чогулган. Дем алыш күндөрү ушундай бузуулар «Улуу-Тоо» чайканасында, «Главпивтрест» кафесинде, компьютердик жана бильярд клубдарында аныкталган.

“СЭИ инспекторлору Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүп, 2 категориядагы айыппул салды”, — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы ишкерлерлерден санитардык талаптарды сактоону суранат.

Количество просмотров: 154