17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордун жыйынтыгы чыгып, шаардык, айылдык кеңештердин шайланган депутаттары мандат ала башташты.
Токмок шаардык кеңешине «Адилет», «Жаңы Кыргызстан», «Эл биримдиги», «Ынтымак» партияларынын өкүлдөрү депутат болуп келишти.
Булардын ичинен бир үй-бүлөлүк кландын мүчөлөрү дагы депутат болуп калышты. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин туугандары эки партия аркылуу депутат болуп келишкен. Алар М. Саккараевдин эжесинин күйөөсү Тынай Сансызбаев, аялы Назгүл Маткеримова, кызы Жанара Маткеримова — «Эл биримдиги» партиясынан депутат болушкан.
Ал эми жээни Анарбек Маликов «Ынтымак» партиясынан депутат болгон. Аталган эки партиянын ар бири Токмок шаардык кеңешинен алтыдан мандат алышкан.