Токмок шаарынан 300 миң сом уурдоого шектелип, эки келин кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 3 жаран арыз менен кайрылган. Социалдык кызматкерлердин атын жамынган шылуундар биринин үйүнөн 170 миң сом, экинчисинин үйүнөн 50 миң сом, үчүнчүсүнүн үйүнөн 80 миң сом уурдап кетишкен.
Айтылган маалымат Бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен катталып, издөө, иликтөө иштери башталган.
«Кылмышка шектелип, эки келин: 1989-жылы туулган И.К., 1995-жылы туулган И.А. кармалып, шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камалды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө жүрүп жатат.