• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токмокто баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды

14 Бугу 2021 17:21 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарында баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин ыкчам маалыматтардын негизинде, каттого алынган КР Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Чүй ОИИББдин жана Токмок шаардык ИИБдин баңги заттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү кармалган.

Токмок шаарында 1975-жылы туулган Д.Б. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ага кызматтык ит колдонулган. Тинтүү учурунда сандыктын ичинде айнек идишке салынган беш даана оролгон өзгөчө жыты бар баңги затына окшош зат табылган. Алынган заттын салмагы 61,72 граммды түзүп, ага экспертиза дайындалган. Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты Токмок шаардык ИИБине КР Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 104