• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Токмокто бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

17 Аяк оона 202410:15 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 2004-жылы «КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзу» тарабынан менчиктештирилип кеткен Токмок шаарынын 3-кичи районундагы №18 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

Аянты 1140 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан аянты 4235 чарчы метр жер кайтарылды.

Менчик ээси «КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор Союзунун» башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, 130 млн сом наркындагы аянты 5375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.

Количество просмотров: 100