• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токмокто батирден аялдын жансыз денеси табылды

5 Теке 202117:38 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарындагы батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1948-жылы туулган П.Л. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.

Эшикти ачууга 3 куткаруучу тартылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 4093