• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Токмокто каракчылардын колунан 3 адам жабыр тартты

28 Бештин айы 201719:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.12.17. Govoti.TV                                                                                    Токмокто кылмышкерлер бир үй бүлөгө кол салышты.  Бул тууралуу укук коргоо органадарынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, каракчылардын колунан 3 адам жабыркап, алар шаардык ооруканага таңкы саат 6 чамасында келип түшүшкөн.

Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында окуя 27 декабрдан 28 декабрга караган түнү болгон.

“Бир канча адамдан турган кылмышкерлер тобу жеке менчик үйгө кирип келип, кожоюндардын баалуу буюмдарын, анын ичинде алтындарын жана акчаларын тоношкон. Жыйынтыгында каракчылардын колунан 3 адам жабыр тартып, алар Токмок аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген”, — деп билдиришти милиция кызматкерлери.

Чүй ИИМ башкармалыгын билдиргенине караганда бул факт боюнча “Каракчылык” жана “Адамга оор жаракаттарды келтирүү” фактылары боюнча кылмыш иштери козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 18