• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Токмокто катылган курал жана ок-дарылар табылды

23 Теке 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарында катылган ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июлда милицияга Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан имаратта мыйзамсыз курал сакталгандыгы боюнча маалым аталган даректи текшерүүгө алып, жардыруучу түзүлүштөгү заттар жана ок дарыларды табышкан. Окуя болгон жерге КР Куралдуу күчтөрүнүн сапёрлору чакырылып, кароо учурунда 4 даана РГД-5 үлгүсүндөгү граната, 2 даана Ф-1 үлгүсүндөгү граната жана 7.62 калибриндеги 40 даана ок табылып алынган.

«Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы курал-жарактарды мыйзамсыз сактап, жашырган адам аныкталып, кармалган. Ал 1971-жылы туулган У.У. аттуу жаран болгон. Ал көрсөтүлгөн куралдардан башка дагы Токмок шаарындагы жайгашкан унаа оңдоочу жайлардын бирине курал каткандыгын билдирип, өз ыктыяры менен ал имараттын ичинде катылган “Калашников” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын тетиктерин милиция кызматкерлерине тапшырып берген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө У.У. курал-жарактарды үйүнүн жанындагы арыктан таап алып, катып койгондугун билдирген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Учурда бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 868